Мурдагы чиновник Президенттин жардамчысын коркутууга шектелип кармалды

0
4305

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчисине Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматтына караганда, мурдагы директор «массалык маалымат каражаттарында чагымчыл мүнөздөгү материалдарды таратам» деп, Президенттин жардамчысын опузалап, 300 миң доллар берүүсүн талап кылган.

Атайын операциянын жүрүшүндө мурдагы директор 6-сентябрда акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагында сурак берип жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарыялаган сүрөттөгү адам Данияр Акматов экени аныкталды.

Акматов Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору болуп 2020-жылы октябрда дайындалган. 2021-жылдын башында кызматтан кеткен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here