Жалал-Абадда кишини 8 жолу бычактаган 19 жаштагы жаран кармалды

0
4717

Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу клубдардын биринин алдында 35 жаштагы кишиге белгисиз адам 8 жолу бычак сайган. Окуя 7-сентябрга караган түнү болгон. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жабыркаган адам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү деп Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here