Кыргыз-өзбек чек арасынан ID менен өтсө болот

0
2653

Кыргыз-өзбек  мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан Ош облусундагы “Достук-автожол” жана Баткен облусундагы “Кайтпас-автожол” чек араны кесип өтүп жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле чек арага жакын жерлерде сооданын көлөмүн көтөрүүгө,  Кыргызстандын  жана аны менен чектеш мамлекеттердин туристтик жана транзиттик дараметин  жогорулатууга багытталган стратегиялык маселелер чечилип жаткандыгын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы белгилейт.

Эске салсак, ушул жылдын 1-сентябрынан баштап эки өлкөнүн жарандары чек арадан жалпы  жарандык (чет элдик) паспорт менен катар эле  ID менен өтүүгө уруксат берилген.

Буга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы баардык өткөрүү бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү байкалган.

Алсак, Ош облусундагы көп тараптуу “Достук-автожол” өткөрүү жайынан бир сутка аралыгында 17 миңден ашуун адам, андан сырткары 300дөн ашуун жүк жана жеңил транспорттук каражаттары өткөн.

Баткен облусундагы эки тараптуу “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайы 2000 адамды өткөрүүгө ылайыкталса, күн сайын 5000ден ашык адам, 500дөн ашуун жеңил автоунаа өтүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here