Эки өлкөнүн район акимдери жолугушту

0
447

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр, Өзбек Республикасынын Сох районунун Шархабад жерлигинде Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана тийешелүү жетекчилер Өзбекстандын Сох районунун акими Саидбахром Саидмусаев жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, эки тараптуу маданий иш чараларды өткөрүү маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Андан сырткары эки тараптуу жолугушууда зарылчылыгы бар чек аралаш аймактарга зым тосмолорду тартуу, бул багытта жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу да сүйлөшүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here