УКМК Кызыл-Кыяда химиялык лабораторияда мыйзам бузууну аныктады

0
437

Кызыл-Кыяда соттук медициналык экспертиза бюросунун кызматкери  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык маяна алып жүргөн.

Объективдүү жана ар тараптуу тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

УКМК бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилээрин билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here