Баткенде 15 метр аралыктагы көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат

0
639

Баткен шаарындагы Баткен-Ош автоунаа жолуна чыгуучу Турмаматов көчөсүндөгү сел кетүүчү сайга көпүрө курулууда. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти.

Курулуш иштерине 10 млн сом жумшалат. Анын 7 жарым млн сом Баткен облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн, ал эми калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

“Бул көпүрө курулуп, пайдаланууга берилсе жергиликтүү жашоочулардын ички чарбалык иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлөт,” – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here