Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү мелдеши өтөт

0
2487

Ош облусунда 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ага ылайык, спорттук иш-чаралар бүгүн 28- августтан тарта 31-августка чейин созулат. Иш чаралар Ош облусунун «Төлөйкан» ат майданында жана А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда өтөт.

Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер өтсө, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт. Байге фонду 9 млн сомду түзгөн.

Мелдешке республиканын баардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Түркмөнстандан келген спортчулар катышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here