Бүгүн өлкө аймагында жаан жаайт

0
1184

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-августтарында Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

28-29-августтарында абанын температурасы төмөндөп: Баткен облусунун аймагында түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here