Кадамжай районундагы Какыр конушундагы көчөгө өткөн жылдын 14-16- сентябрда орун алган Тажикстандын куралдуу агрессиясынан мерт кеткен Марат Ташмирзаевдин аты ыйгарылды. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Марат Ташмирзаев 2002- жылы Кадамжай районунун Айдаркен шаарында төрөлгөн, үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Ал Чек ара кызматынын 2054-аскер бөлүгүнүн «Бөрү» отрядында чабуул кол салуу тобунун чалгынчысы кызматын өтөгөн.