Баткенде соңку аптада унааны мас абалында башкарган 18 айдоочу аныкталды

0
460
Баткенде соңку аптада унааны мас абалында башкарган 18 айдоочу аныкталды

Баткенде 14-августан 20-августка  чейин 929 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, апта ичинде мас абалында автоунаа башкарган 18 айдоочу, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган 10 айдоочу, Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан  ашырып айдаган 247 айдоочу, алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылаткан 2 айдоочу жана башка ар кандай жол эрежелерин бузган 652 айдоочу аныкталып, убактылуу токтотуучу айып короого  24 автоунаа токтотулган. 

   

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here