Кадамжайда мыйзамсыз миграцияны уюштурган өзбекстандык кармалды

0
251

Кадамжайда мыйзамсыз миграцияда жүргөн Өзбекстандын 36 жаштагы жараны жана аны Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип иштетип жаткан Өзбекстандын 39 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу облусттук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Ага ылайык, кармалган 36 жаштагы жаранга жазык кодексинин Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал эми 39 жаштагы өзбекстандыкка мыйзамсыз миграцияны уюштуруу беренеси боюнча   сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here