Мигранттар Кызыл-Булак айылына төрт аялдама куруп берди

0
653

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүндө Москва шаарындагы мигранттардын колдоосу менен Кызыл-Булак айылына төрт аялдама курулду. Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мигранттар бул демилгени Көтөрмө айыл аймагынан чыккан улуу ойчул, философ, алгачкы агартуучу жана жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арнап белек кылышкан. Учурда  аялдамалар толугу менен бүткөрүлүп, элге пайдаланууга берилген. 

Белгилей кетсек, төрт аялдаманын курулушуна мигранттардын “Кызыл-Булак” фондунан жана жергиликтүү жаштар тарабынан жалпы 164 миң сомдон ашуун каражат сарпталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here