Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Ага ылайык, Ысык-Көлдө өрүк саткан жайды уюштуруу үчүн Баткен облусунун, Ысык-Көл облусунун жана Чолпон ата шаарынын башчылары макулдашышкан.
Мындан улам, Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктарды саткан атайын жай ачылат- деп белгиленет маалыматта.