Лейлекте аткезчилик жүк ташыган тажикстандык кармалды

0
1270

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл  аймагынан Тажикстандын 30 жаштагы жараны чек араны бузуп кирип, аткезчилик менен 700 кг кой этин Кыргызстандан алып чыгып жатканда ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 

“Кармоо учурунда алынган заттар Лейлек РИИБдин малыматтардын электрондук журналына катталып, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короосуна киргизилди.” – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here