Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында 24-июль күнү катталган эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чырда жараат алган кыргыз жаранына экспертиза иштери дайындалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматта, чек арадагы чык-чатакка тиешеси бар эки тараптын тең жарандарына териштирүү иштери башталып, айыл тургундарына эки өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы жазылат.