Базарда өспүрүмдөрдү иштеткен 8 соодагерге эскертүү берилди

0
675

Баткен шаарындагы “Айдарали” базарында жашы жете элек балдарды иштеткен 8 соода жайын аныктады. Балдардын ата-энелери чакыртылып, эскертүү актылары берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүдү.Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. 

Милициянын маалыматына караганда, иш чара шаар аймагындагы соода тармактар, унаа оңдоочу жана унаа жуучу жайлар, курулуп жаткан үйлөр, мал союлуучу жайларда да өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы менен балдарды эмгекке тарткан 8 соодагерге эскертүү берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here