Баткендин чек ара айылдарында 10 соц объекттин курулушу жүрүп жатат

0
722

Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган социалдык объектилер Баткен районунун чек арага чектеш жети айылында жана Лейлек районунун Борбордук, Арка, Максат айылдарында жүрүүдө. Алар мектеп, бала бакча жана ФАПтан турат.  

“Жалпысынан 10 объект курулуп жатса, 5 обьекттин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары аяктады. Бул жумуштар АРИС уюму тарабынан ишке ашууда. Курулуш иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү, обьекттерди пайдаланууга берүү пландалган”, – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here