Кадамжайда уурулук боюнча кылмыштын бети ачылды

0
724

Ушул жылдын октябрь айларынан тарта Кадамжай районунун Халмион, Үч-Коргон, Алга, Орозбеков, Марказ айыл аймактарындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө белгисиз жарандар түн ичинде кирип, үйгө керектелүүчү буюмдарды, башкача айтканда батир уурулуктар болуп жаткандыгын билдирип жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, уурулуктарды жасап жүргөн шектүүнүн бири Кадамжай районунун тургуну 41жаштагы К.Т. өзү жашаган үйүнөн, ал эми анын шериги Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда оор берене менен соттолгон 33 жаштагы Т.И. Кызыл-Кыя шаар аймагынан аныкталып кармалды.

Жогорудагы бул фактылар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кармалган шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда мурда уурдалган далил буюмдар аныкталып алынды.

Бул шектүүлөр 8жолу батир уурулук жасашып, жабырлануучуларга жалпысынан 400миң сомго жакын материалдык зыян келтирген. Ош, Ноокат, Жалалабад облусуна уурдалган буюмдарын саткандыгы аныкталып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө сатылган буюмдар кайтарылып алынды.

Азыркы күндө шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here