Баткен облусунун аймагында кайрадан жер титирөө катталды

0
1245

Сейсмология институтунун маалыматына караганда жер титирөө бүгүн саат 09:45те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске сала кетсек, облус аймагында 17-июлда жер титирөө катталып, анда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here