Баткенде 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
1282

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти. 

Маалыматка караганда жер титирөө, 21:52де орун алып, Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here