Баткенде климатка байланышкан ири долбоор ишке ашат

0
924

Бул тууралуу Баткендеги өкүлдүн орун басары Тимур Мадяров баштаган топ, КОИКА уюмунун климат департаментинин башчысы жана ПРООНдун Кыргызстандагы кеңсесинин экология, климаттын өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы менен өткөн жолугушууда белгилүү болгонун облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда “Жашыл Климат” Фондунун алкагында ишке ашуучу долбоор тууралуу сөз болду. Долбоордун алкагында суу таңкыстыгын жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулат.

Ошондой эле сууну үнөмдүү пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу, суу жетпеген дың жерлерди өздөштүрүү каралууда. Адистердин айтымында климаттын өзгөрүүсү менен жыл сайын аймакта сугат суунун азайуусу байкалууда.

Аталган долбоордун алкагында аймакка 50 млн долларга чейин каражат каралаары күтүлүүдө. Бул долбоорго Баткен жана Лейлек районунун бир катар айыл өкмөттөрү пилоттук негизде тандалууда.

Белгилей кетсек, мындай климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча долбоор буга чейин ПРООН тарабынан Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында, Ас-Сафа кайрымдуулук уюму тарабынан Кара-Бак айыл аймагында ийгиликтүү ишке ашкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here