Баткен шаарындагы үч көчөгө тратуар курулат

0
832

Баткен шаарынын Ж.Момунов, Ж. Бөкөнбаев жана Г. Абдувалиева  көчөлөрүндө сугат ноорлору орнотулуп, тротуарлар курулат. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдирди.

Маалыматка караганда, Ж. Момунов көчөсүнө 435 метрге сугат ноолору, 1,5 чакырым узундукка  тротуар курулат. Ал эми Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө 346 метр ноолор 1,2 чакырымга тротуар орнотулат. 

Ошондой эле, Г.Абдувалиева көчөсүнө 415 метр аралыкка сугат ноолору орнотулуп, 1497,6 чарчы метрине тротуар курулат. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен жана гранттан каржыланат.

Белгилей кетсек, ушул жылы Баткен шаарында 56 миң 455 чарчы метр тротуар бүткөрүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here