Асман экошаарынын курулушу башталат

0
607
default

Эртең 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде Асман шаарынын курулушуна старт берилет. Ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратты.

Ага ылайык, иш-чара УТРК, мамлекеттик телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактарда саат 11:00дө түз көрсөтүлмөкчү.

Эске салсак, 2021-жылдын июль айынын башында президенттик администрация Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылынын жанында 500 миң калкы бар инновациялык Асман шаарын куруу пландалып жатканын билдирген. 

Бийлик Асман Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борборуна айланарын айткан. Шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топ түзүлүп, мамлекеттик дирекция негизделген болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here