Лейлекте кургатылган өрүк 220 сомдон сатылууда

0
865

Баткен облусунун Лейлек районунда 1 килограмм кургатылган өрүктүн эң жогорку баасы 220 сомго чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Учурда Лейлекте баргек баасы  50 сомдон 220 сомго чейин , ал эми аптоо өрүктүн баасы 80 сомдон 200 сомго чейин сатылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында быйылкы өрүктүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу арзан болуп жатканын, ошону менен катар өрүк алган адам жок экенин белгилешүүдө.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Баткен облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Арзыбек Дыканов баанын төмөн болушунун себебин Өзбекстандагы өрүктүн жакшы болуп алуучулардын көбү ошол жакта болуп жатканы менен байланыштырууда.

Бүгүнкү күндө өрүк алуучулар ички базарларга жана сыртка экспортоону колго алган ата-мекендик ишкерлер жана Өзбекстандык жарандар. Андан тышкары Баткен өрүгү Россия, Казакстан жана Американын Чикаго шаарына чейин экспортолот.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы өрүк баасы 1000 сомго чейин чыккан. 

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here