Иркутскиде кыргыз-тажик мигранттары мушташа кетти

0
1071

Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттары катышкан мушташ тууралуу билдирүү таратты. Билдирүүдө мушташ 23-июнда Орусиянын Иркутск обласында жайгашкан газ өндүрүүчү заводдо чыкканын жана анда 500гө жакын адам катышканы айтылган.

ТИМдин маалыматына ылайык, Орус укук коргоо органдары тийиштүү тергөө иш чараларын  баштады.  Айрым орус телеграм каналдарында тараган маалыматка караганда мушташ ашканада кезек талашуудан келип чыккан.  

Мушташтын жайынтыгында 9 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Арасында бычактан жаракат алгандар жана эс учун жоготкондор дагы бар экени маалым болду. Кыргыздардан бешөө жаракат алып бирөө ооруканага жаткырылды. 

Кыргыз элчилиги кыргыз жарандарына жардам берүүгө Иркутскка барганын маалым кылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here