Баткенде ишкерди алдоо жолу менен 1 млн сомдон ашуун чыгымга учураткан жаран изделүүдө

0
1359

Ушул жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы суммасы 1 млн  295 миң 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен жаран изделип жатат.

Облустук милициянын маалыматына таянсак, Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. 

2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров алектенмей болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. 

Добурбек Кадыровдун жүргөн жерин билген жарандардан Баткен ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюңуздарды суранат: 03622 5-01-24, 0555-57-50-70, 0557-78-62-78.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here