Баткендик зыяратчылар Меккеге сапар алды

0
1018

Кечээ 18-июнда Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды  ажылыкка узатуу иш чарасы өттү. Ага Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облус башчы болочок ажыларга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун каалоо тилектерин жеткирди. Ал эми болочок ажылар, ажылыкка узатуу иш чарасын жогорку деңгээлде уюштуруп, өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөткөн облус жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришип, мындай жылуу мамиле аларга дем-күч берээрин белгилешти.

Ажылыкка сапар алган Баткен облусунун тургундары  «Ош» эл аралык аэропортунан  Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Арабиясынын Жидда шаарына учушат

Бул жылы Баткен облусунан 700  адам ажылык сапарына аттанды. Аларды 17 ажы башчы коштоп барат. 

   

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here