Баткенде дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

0
470

7-июнда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.

Ага ылайык, учурда түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда. Ошондой эле дыйкан фермерлерге жаз алды менен сапаттуу, түшүмдүүлүгү жогору үрөндөр сунушталган.

Белгилей кетсек, быйыл облус аймагында 27 миңге жакын гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6 миңден ашуун гектары күздүк, 21 миңге жакын гектары жаздык эгин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here