Лейлекте кара куурай өскөн аймак аныкталды

0
722

Лейлек районунун прокуратурасы 2023-жылдын май-июль айларында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аркеттенүү жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө 4-К сандуу көрсөтмөсүн аткаруу максатында Лейлек районунун аймагында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Лейлек районунун Катран айыл аймагында жайгашкан Патаң Сай участкасынында суунун жээктеринде жапайы өскөн кара куурай өсүмдүктөрү өскөндүгү аныкталып, ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама келтирилди.

Жакын арада, жапайы кара куурай аныкталган аймакта Лейлек РИИБү тарабынан өсүмдүк жок кылынаары маалымдалды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here