Чет-Булакка 75 миң АКШ долларына таза суу тартылат

0
380

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык  башкармалыгына таза суу тартуу жумуштары башталды. Бул тууралуу облусттук бийликтен кабарлашты.

Ага ылайык, “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен Чет-Булак  кварталына 10 чакырым аралыкка таза суу тартуу долбоору ишке ашты. Курулуштун баасы 75 миң АКШ долларын түзөт. Ал эми шаардын жергиликтүү бюджетинен да  3млн сом каражат ажыратылган. 

Таза суу курулушун үч айдын ичинде,сентябрь айына чейин  бүткөрүү пландалган. Таза суу тартуу иштери аяктаса аталган аймактын жергиликтүүлөрү үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот. 

Эске салсак, ушул жылдын 29-майында Чет-Булак жана Подстанция кварталынын 30дан ашуун жашоочусу ичүүчү таза суу боюнча нааразылыкка чыгышкан. Алар 10 күндөн бери таза суу берилбей жатканын айтышкан эле.

Чогулган эл менен облусттук бийликтен жана шаардык бийликтен өкүлдөр жолугуп, бул маселеге Баткен шаарынын вице-мэри жооп берип,  суу маселеси чечилгенин айткан.

Ал эми жашоочулар бул жоопко ишенбей тургандыгын билдиришип, бул маселени  биротоло тез арада чечип берүүлөрүн талап кылышкан болчу.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here