Камчыбек Ташиев чек ара чырында жол кырсыгына кабылып, аман калган Шоира Жулдибоева менен жолукту

0
1594

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн  6-июнда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан Баткен облусунун тургуну, 3 баласы менен дарыланып жаткан Шоира Жулдибоева  менен жеке жолугушуу өткөрдү.  

Сентябрдагы окуяда “Porter”  үлгүсүндөгү автоунаада 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон, анын ичинде Жолдибоеванын жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Максатбек  Абдырашидов жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон.

 Дарыгерлердин сунушу менен Шоира Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткендеги үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы КамчыбекТашиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, ошондой эле дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here