Жол четинде мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынат

0
837

Бүгүн 6-июнда Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири Сайдиман ажы көчөсүндөгү, жол боюнда нан жана мөмө жемиш саткан  соодагерлердин соода жайлары жылдырылды. Бул аракет шаардык бийлик тарабынан жасалды. Ошондой эле мэриядан билдиргендей, жол боюндагы соодагерлерге базар ичинде калкты тейлөөгө үгүттөө иш чаралары жүргүзүлүп, баш ийбеген жарандарга айып пул салынары айтылды. 

Сүрөттө: Данияр Ульмасов

«Шаардык мэрия тарабынан дайыма түшүндүрүү ишин жүргүзүп келет, бирок ошого карабастан жарандар тарабынан көбүрөөк соода кылайын деп, жол боюна мыйзамсыз чыгып соода сатыкты уюштурушат. Мындай рейт буга чейин да болгон, Баткен шаардык мэриясы базар айланасындагы башаламандыкты жоюууга мүмкүн болушунча иш алып барат.» –  дейт шаардык бийлик өкүлү Данияр Ульмасов .

Буга чейин соодагерлерди базар ичине жылдыруу өнөктүгү болуп келген, бирок кайра эле жол боюна чыгып кетишкен. Жол боюнда соода кылгандар, эл атайын  базар ичине кирип нан сатып албайт деп түшүндүрдү, анткени жолго жакын жерде навайканалар бар. Анысы аз келгенсип, дүкөндөр жана мөмө жемиш саткандар да нан азыктарын сатууга өтүп алышат дейт.

Сүрөттө: соодагер Парихан Бердалиева

«Биз базар ичине карип көргөнбүз, алган нандарыбыз катып, малы барлар малга берген.  Базардын ичине кирсек жол боюндагы дүкөндөр нан азыктарын да кошо сатып алышат экен, аларды сатпа деп тыюууга мүмкүн эмес экен. Биз дагы жыргаганыбыздан бул ишти кылып жаткан жокбузда, акчабыз болсо дүкөн салып алат элек, нанды биз эрте менен акчасыз эле алып, эки сом коюп сатып кечинде акчасын беребиз.» – деди соодагер Парихан Бердалиева.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here