7-9 июнь күндөрү аба табы 35-40 градуска чейин көтөрүлөт

0
430

Үстүбүздөгү жылдын 7-9-июнь күндөрү абанын температурасы кескин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, абанын күндүзгү табы Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын аймагында 35…40°. Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындан улам, ӨКМ жарандарга мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылууну, сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болууга, жана жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырат. 

Мындан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here