Кыргыз-Тажик эли биригип жол оңдошту

0
1276

Бүгүн 2-июнь күнү эки эл колдонуп келген төрт көчөдөгү жол оңдолду. Бул тууралуу Салам Медиага Орто-Боз айылынын башчысы Абдумиталип Мазейитов билдирди.

Ага ылайык, эки өлкөнүн район башчыларынын сүйлөшүүсү менен Баткен районунун Орто-Боз айылындагы Жака-Өрүк участкасындагы төрт көчөнү Кыргызстындын жана Тажикстандын калкы колдонуп келген аймагын эки эл биргеликте жамоо ишин аткарышты. Арыктан ашкан суунун негизинде аталган жол, унаа каттамын катаалдаштырган абалга алып келип, жолду бузуп салган болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here