Кыргызстанда бензин кымбатташы ыктымал

0
435

Июнь айында Кыргызстандын күйүүчү-май рыногунда бензин тобуна баа литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирет.

Алардын айтымында, мунай соода компаниялары баанын көтөрүлүшүн жумшартуу жана күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн качуу саясатын улантууну көздөп жатышат.

Ассоциация 2023-жылдын май айында Санкт-Петербургдун товардык биржасында бензиндин биржа баасы өзүнүн тарыхый максимумуна жаңыланып, тоннасына 61 миң 700 рублдан ашык болгондугун эске салды. 

Бүгүн орус бийлиги бензиндин тартыштыгын жана ички рынокто баанын өсүшүн улантпоо үчүн аны экспорттоого убактылуу тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Буга байланыштуу Кыргызстандын жергиликтүү жеткирүүчүлөрү июнь айына карата ресурс менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here