Баткен районунда Кара-Кол каналы пайдаланууга берилсе 1000 гектар жерге суу жетет

0
902

 Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Кол каналынын курулушу жүрүп жатат. Курулуш иштеринен облус башчы Абдикарим Алимбаев кабар алды. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган каналдын узундугу 14 чакырым. Бул ири долбоор үчүн  республикалык бюджеттен 27 млн. сом каралса, Агахан эл аралык уюумунан 26 млн. сом грант берилген. 

Ирригациялык обьектин курулушу менен 1000 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакынкы айылдарга кошумча  суу берүү жакшырат. 

Азыркы учурда  тоо арасындагы капчыгайдын ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында суу түтүктөрүн ширетүү, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында канал бетондолуп жатат. 

Облус башчысы курулуштан жума сайын кабар алып, өз мөөнөтүнө бүтүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн, зарыл болсо  ашар ыкмасы менен болсо да жумушчу күч маселеси чечилерин белгиледи. Каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына  бүтүрүү пландалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here