Баткенде «Максат» чек ара заставасы ачылды. Иш-чарага УКМК башчысы катышты

0
693
Лейлек районунда «Максат» чек ара заставасы ачылды. Иш-чарага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
УКМКдан кабарлашкандай, Камчыбек Ташиев жаңы ачылган заставанын имаратынын жана бөлүктөрүнүн абалы менен таанышып чыккан.
Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.
Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.
Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.
Ошондой эле Баткен районундагы «Жаштык» посту жана «Кара-Бак» чек ара заставасынын «Чоң-Талаа» посту жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облусттук бийликтен маалымадашты.
Аалган посттордун 28-майда өткөн ачылыш иш-чараларына Коопсуздук боюнча мамлекеттик компитетинин башчысы Камчыбек Ташиев катышкан.
«Жаштык» жана «Чоң-Талаа» посттору чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here