Баткенде 11 жаштагы кыздарга папиломага каршы эмдөөнүн экинчи экинчи этабы өтүп жатат

0
410

Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  кыздарга учурда эмдөөнүн экинчи дозасы берилүүдө. Кыздар 1-дозаны өткөн жылы декабрь айында алышкан. Ошондой эле, мындан ары 11ге толгон кыздар папилома вирусуна каршы улуттук календардын незигинде эмделип турат.

Эмдөө окуучу кыздарга мектептердеги медициналык пункттарда акысыз жүргүзүлүүдө. 

Белгилей кетсек Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт, анын 300ү өлүмгө алып келет. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусуна чалдыккандардын арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп тараган түрү болуп саналат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here