Баткенде соц тармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

0
390

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милициядан билдиргендей, кармалган жарандын үстүнөн,  диний экстремисттик уюмдун аудио материалдарын социалдык тармак аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. 

Аталган факты боюнча Баткен облусунун 28 жаштагы тургунунун социалдык баракчасына кароо жүргүзүлүп, андагы материалдар экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында аудио материалдар  Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний экстремистик уюмуна таандык экендиги аныкталган.

 

Учурда бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here