Лейлектин чек арадагы Максат айылына 40 метрлик Кыргызстандын желеги орнотулду

0
610

Тажикстан менен чектеш Максат айылында Кыргызстандын мамлекеттик желеги — флагшток орнотулду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Салтанаттуу иш чара 28-майда чек арачылар күнүнө карата өткөрүлгөн. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев катышты. Ал Максат айылында жашагандар баатыр экенин белгилеп, мамлекет элдин тынч, жакшы шартта жашоосу үчүн бардык аракеттерди жасап жатканын кошумчалады. 

Чек арада жаңы коюлган флагштоктун узундугу 40 метр, желектин аянты 60 чарчы метрди түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here