Баткенде медреселер аралык спорттук мелдеш өттү

0
390

Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында спорттун кичи футбол, тенис, аркан тартыш, кол күрөш оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу облусттук казыяттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара Баткен облустук мусулмандарынын казыяты жана “Абу Ханифа” медресеси менен биргеликте уюштурулуп, ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери, медресе мугалимдери жана студенттер курамынан командалар күч сынашты.

Турнир жаштарды спортко, сергек жашоого үндөө жана медреселер арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here