Баткен районундагы  Достук айылында турак үйлөргө кызыл китептер берилди

0
658

Баткен районунун  чек арага чектеш Достук айылындагы талкаланган үйлөрдүн ээлерине турак үйдүн кызыл китептери берилди. Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат катчысы билдирди.

Ага ылайык, кызыл китепти тапшыруу иш чарасына район акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар тийиштүүжетекчилер катышты.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы орун алган курлдуу кагылышуудан улам кыймылсыз мүлккө документтерин жоготкон жарандарга жардам берүү,  максатында атайын райондук комиссия түзүлүп, райондук комиссиянын курамындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен  аймактык бөлүмүнө жана райондук комиссияга  окуядан жапа чеккен кыймылсыз мүлк объектилерин тактоо жагы тапшырылган. – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here