Баткенде  мыйзамсыз 100 миң сомдук жүк аныкталды

0
620

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бажычылар кыргыз жаранынын башкаруусундагы унааны бажы кароосунан өткөрүүдө коңшу өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген минералдык жер семирткичин аныкташкан.

Жүктө ЕАЭБдин Кыргызстандын бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок болгон.

Аткезчилик жүктүн салмагы 3 тоннаны түзсө, баасы — 102 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча жалпысынан 49 920 сом айыптык санкциялар жана бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here