Өлкөдө “Акыркы коңгуроо” салтанаты тынч өттү

0
333

Кыргызстанда “Акыркы коңгуроо” салтанатту иш-чарасы эч кандай өзгөчө кырдаалсыз, тынч өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25- май күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүп, майрамдык иш-чараларга 2366 билим берүү уюмдарынан 200 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышып, “Акыркы коңгуроо” учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болгон. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here