Баткен облусунун аймагында бир жуманын аралыгында 15 мас айдоочу кармалды

0
870

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы билдирди. 

Маалым болгондой, 15-майдан 21-майга чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу үчүн профилактикалык иштер жүрдү. Алты күн аралыгында өкөрүлгөн рейд учурунда 972 жол эрежелерин бузуу катталды. Алардын ичинен мас абалында унаа башкарган 15, айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 11, кыймылдын белгиленген ылдамгынан ашырып айдаганы учун 214, алдынкы айнегин мыйзамсыз карангылаткан 2 айдоочу аныкталды.

Муну менен катар айып короого 32 автоунаа токтотулган.

Автор: Аскар Баймуратов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here