Блогер Жолболдуева журналисттин өлүмүнө байланышкан иш боюнча акталды

0
1523

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Облусттук соттун маалыматына караганда , 22-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева Кылмыш кодексинин «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси  менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин «Ээнбаштык» беренеси  менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Кылмыш кодексинин 379-беренеси «Документтерди жасалмалоо» менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленди» деп жазылган маалыматта.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here