Баткенде чек ара кызматынын төрт кызматкери пара талап кылууга айыпталып кармалды

0
1166

Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда,  кармалган чек арачылар «Кайтпас» жана «Өтүкчү» көзөмөл-өткөрүү жайынан өтүп жаткан жарандардан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз өтүү үчүн 50 сомдон 1000 сомго чейин акча талап кылышкан.

Ошондой эле, акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери паспорттук текшерүүдөн өтүүгө тоскоолдук кылып, жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбурлашкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here