Баткенде жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүсүн алдын алуу иштери жүрүүдө

0
1097

Кырсыктарды алдын алуу, калкты сууда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.  Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

Баткен райондук ички иштер башкармалыгын Кара-Бак айылдык милиция бөлүчөсүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тейлеген аймагында аймакта жайгашкан агын сууларды, көлмөлөрдү текшерди.

Жарандардын жана жашы жете элек өспүрүм балдардын сууга агып же чөгүп кетүү кырсыктарын  алдын алуу, эскертүү багытында балдардын ата-энесинин жана жашы улуулардын көзөмөлсүз көлмөлөргө, дарыяларга, арык-жээктерге өз алдынча барууга жана сууга түшүп, ар кандай бөдөө кырсыктарга кабылып калуунун алдын алуу максатында милициянын балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептерде жыйын өткөрдү, жарандарга сууга түшүү учурунда коопсуздукту сактоо керектигин түшүндүрүштү.

Мындан тышкары жергиликтүү элдерге жана конокторго эскертме баракчалары таратылып, сууга түшүүгө, эс алууга коопту болгон жерлерге эскертүү тактайчалары илинди. Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан бул иш-чара сууга түшүү сезону аяктаганга чейин улантылат. Ал эми үймө-үй кыдыруу иштери болсо тынымсыз жүргүзүлмөкчү. 

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here