Таалайбек Ибраимов Баткен районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды

0
2580

Таалайбек Ибраимов Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Кечээ 18-май күнү эмгек жамааты менен тааныштырылды.  Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Таалайбек Ибраимов 1973-жылдын 23-мартында Баткен районунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Үй бүлөлүү. 

Таалайбек Ибраимов буга чейин Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси, ыйгарым укуктуу өкүлдүн  аппаратынын Эл аралык кызматташтык, инвестициялар жана туризм бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here