Акыркы конгуроо тууралуу облустук жыйын өттү

0
727

Облусттук бийлик мектептердеги “Акыркы коңгуроо” салтанатын  өткөрүүдөгү коопсуздукту талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облусттук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда жыйында, 25-май күнү акыркы коңгуроо иш чарасын  кафе ресторандарда, жаратылышта өткөрүүгө тыюу салынаары белгиленди. Ошондой эле автоунаалар менен  кортеждерди уюштуруу, акча чогултууларды болтурбоо  боюнча тапшырмалар берилди.

Эске салсак, бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин атайын буйругу чыккан.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here